Астанадагы аскерий музейде сүрөт көргөзмөсү ачылды

Астанадагы аскерий музейде сүрөт көргөзмөсү ачылды

Жеңиштин 80 жылдыгына карата Астанадагы Куралдуу Күчтөрдүн аскердик-тарых музейинде сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда казакстандык белгилүү кылкалем чеберлери Амандос Аканаев, Максат Кантарбаев, Нелли Бубэ жана Айгүл Сагитованын эмгектери коюлду. Авторлор иш-чара аркылуу согуш талаасында аталардын жана чоң аталардын баатырдыгы менен айыгышкан согуш тууралуу чагылдыргысы келгенин айтышат. Бул идеянын өзөгү.  Жеңиш кандай кыйынчылык менен келгенин жана ойлор менен сезимдерди чыгармачылык аркылуу бүгүнкү муунга жеткирүү. 

Максат Каңтарбаев, Казакстан сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү:

- Бүгүнкү көргөзмөнүн максаты-өткөн согушка катышкан 1 миллион 200миңден ашуун казакстандыктар, алардын жарымынан көбү согушка кайтып келген эмес. Бул аларды эскерүү көргөзмөсү. Алар жанын беришти, кан төгүштү, ушундай эрдикти жасашты, мына ушуну эске алып азыркы жаштарга көрсөткүм келет. Кандай кыйын кырдаал болду, азыркы бейпил жашоо дал ошолордун аркасы менен болду. Муну жаштар билсин, эстесин деген ой.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков