Улуу Ата Мекендик
согушка катышкан ардагерлердин катарлары суюлуп баратат. Кызылордо облусунан
согуш талаасына аттанган 150 миң жоокердин үчтөн бири гана мекенине кайтып келген.
Бүгүнкү күндө Сыр аймагында көзү тирүү 2 ардагер гана калды. Алардын бири-Яхия
Тасыров быйыл 103 жашка толду. Аксакал дагы эле тың. Айыгышкан салгылаштын ар
бир көз ирмеми карыянын эсинде калган. Казак жоокери 1941-жылы согуш талаасына аттанган.
Сталинград, Курск шаарлары Беларусь жана Польшаны бошотууга катышкан.
Яхия Тасыров, Улуу
Ата Мекендик согуштун ардагери:
- Үч түрдүү заман көрдүк. Айтор аман калдык. Кечээки согушта дагы. Буйруктарды так аткаргандын артында тирүү калдым. Мен кылдаттыктан, билимден калбайм.
Тлеуберген
Тобабергенов да бала чактын бакытын көрбөгөн муундун өкүлү. 18 жашында Беларусь майданында
болду. Польшаны, Чехословакия өлкөлөрүн жана Кенигсберг шаарларын бошотууга
катышкан. Жеңишти Берлинде тоскон. Ардагер быйыл 101 жашка толду. Жаштыгын согушка
берген карыя өмүрүм бошко кетти деп эч качан өкүнгөн эмес. Мекенди коргоп,
эрдик көрсөтүп, өз мууну үчүн сыймык.
Марал Түзбаева, Улуу
Ата Мекендик согуш ардагеринин кызы:
- 1943-жылы Кенигсберг
шаарына барганда бомбанын чачырандысы далысына тийген. Эми азыр ал жерде
чуңкурча пайда болгон. Андан кийин 6 ай ооруканада жатып чыккан. Алты айдан
кийин кайра согушка жөнөтүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

