Silk Way Star Кытайдын борбордук телеканалынан көрсөтүлдү

Silk Way Star Кытайдын борбордук телеканалынан көрсөтүлдү

Казакстандык Silk Way Star долбоору биринчи жолу Кытайдын борбордук телеканалынын көрсөтүлдү. Тактап айтканда, эл аралык вокалдык сынактын Гранд-финалы CCTV-15 музыкалык каналынын эфирине чыкты.

Эскерте кетсек, долбоор 12 өлкөдөн келген аткаруучуларды бириктирип, Азияда музыка форматындагы биринчи эл аралык вокалдык платформа болуп калды. Сынак жогорку деңгээлдеги продакшнды, жандуу үндү, масштабдуу сахналаштырууларды жана заманбап телеөндүрүштү көрсөттү. Ал эми Кытайдын эң ири медиахолдингинин эфиринде Silk Way Star гранд-финалынын көрсөтүлүшү казакстандык телеиндустрия үчүн маанилүү окуя болду. Платформанын жалпы аудиториясы 1 миллиарддан ашык адамды түздү. Музыкалык долбоор Казакстандын Президентинин Телерадиокомплекси менен Кытайдын China Media Group медиа корпорациясынын ортосундагы эл аралык форматты түзүү жөнүндөгү келишимдин алкагында ишке ашырылган. Эскерте кетсек, финал түз эфирде өтүп, Азербайжан, Грузия, Тажикстан, Кыргызстан жана Монголия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө көрсөтүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков