Пикассонун өзгөчө эмгектеринин көргөзмөсү Астанада өтүп жатат

Пикассонун өзгөчө эмгектеринин көргөзмөсү Астанада өтүп жатат

Импрессионизм, кубизм, сюрреализм. Астанадагы көргөзмөдө белгилүү испан сүрөтчүсү Пабло Пикассонун ар кандай стилдеги жана жанрдагы түп нускалуу эмгектери тартууланды. Алар чебердин чыгармачылыгынын негизги этаптарын камтыйт. Коллекция өзүнчө «параграфтарга» бөлүнгөн. Экспозицияда «Герника» аттуу эң атактуу сүрөтү жана «Согуш жана тынчтык», «Барселонанын көк түсү» серияларынын эскиздери бар. Анын аркасында белгилүү шаардын тургундарынын жашоосуна сүңгүп кирүүгө болот. Согуштан кийинки мезгилге жана чебердин коррида темасына болгон кызыгуусуна «Торостор жана тореролор» деп өзүнчө бөлүм арналган. «Папье-колле» сериясы автордун кубизмге болгон жолун көрсөтөт. Казакстандын борборуна жалпысынан 51 литография алып келишкен. Алар Германиянын, Бельгиянын жана Франциянын жеке коллекцияларынан чогултулган. Уюштуруучу - Lumiere-Hall эл аралык музейи. Көргөзмө жетинин айынын 9на чейин уланат.


Лейла Махат, Kulanshi Art Group жетекчиси:


- Бул көргөзмөнүн эң кызыктуу жагы – бул жерде көрүүчүлөргө өтө сейрек көрсөтүлүүчү эмгектердин коюлганы. Себеби, булар анын «Герника» деп аталган монументалдуу жана абдан белгилүү полотносуна жасалган эскиздер. Ошондой эле «Барселонанын көк түсү» деген сүрөттүн да чиймелери бар. Бул дагы өтө сейрек кездешет. Албетте, Пикассонун эмгектери коюлат. Бирок бул коллекция коомчулук тарабынан көп көрүлүп, ойлонулган коллекциялардын бири эмес.

Которгон: Илгиз Жамалбеков