«Казинформдун» эл
аралык медиа рыногундагы кадыр-баркы жогорулайт. Астанада Казакстан
Республикасынын Президентинин телерадиокомплекси Кытайдын «Синьхуа» маалымат
агенттиги менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Иш-чара «Кытай –
Борбордук Азия» маалымат агенттиктеринин форумунун алкагында ишке ашты.
Документте жаңылык алмашуу, биргелешкен тренингдер менен семинарларды өткөрүү,
мультимедиалык иш-аракеттин жаңы форматтарын өнүктүрүү, маалыматты улуттук жана
эл аралык деңгээлде илгерилетүү каралган. Форумдун алдында кытайлык агенттик
менен Президенттин телерадиокомплексинин жетекчилери жолугушуу өткөрдү.
Тараптар байланышты чыңдоо, аймактын эл аралык маалымат мейкиндигиндеги үнүн
күчөтүү багытында өз ара кызматташуу маселелерин талкуулады. Ал эми форумда
Президенттин телерадиокомплексинин мүдүрү Борбордук Азия менен Кытайдын орток
маалыматтык жана маданий мейкиндик түзүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Раушан Кажыбаева,
Казакстан Республикасынын Телерадиокомплексинин мүдүрү:
- Казак эли «алыскы
туугандар – жакынкы коңшу артык» дейт. Биз жөн гана кошуналар эмеспиз, өз ара
урматтоо жана диалог дүйнөсүн куруучубуз. Бүгүн бир нерсени анык айта алабыз,
Борбор Азия менен Кытай элдеринин орток келечеги үчүн жана өлкөбүздү гүлдөтүү багытында
бирге кадам жасоого даярбыз. Биргелешкен долбоорлорубузду этап-этабы менен ишке
ашырабыз.
Бул учурда Kazinform
Кытайдын социалдык тармактарындагы активдүүлүгүн арттырып келет. Агенттиктин
Weibo жана WeChat платформаларындагы расмий аккаунттары Казакстан жаңылыктарын
ыкчам жана натыйжалуу таратууга мүмкүндүк берет. Өз кезегинде «Синьхуа»
маалымат агенттигинин башкы мүдүрү Фу Хуа өз ара аракеттенүүнү бекемдөө
максатында Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн ЖМК жана серепчилик борборлорунун
ортосундагы өнөктөштүк программасын иштеп чыкканын белгиледи.
Фу Хуа, «СИНЬХУА» маалымат
агенттигинин башкы мүдүрү:
- Бул форумдагы
мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кызматташтыкты талкуулай алабыз, Кытай менен Борбор
Азия маалымат агенттиктеринин үнүн бүткүл дүйнө угушу үчүн өнүгүү багыттарын
биргелешип пландап, күч-аракетибизди бириктире алабыз. Бул жалпы тагдыр
коомчулугун курууга маалымат агенттиктери кошо ала турган салымын арттырат. Биз
глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттеринин ЖМК, серепчилик
борборлору, мамлекеттик мекемелери, компаниялары жана жогорку окуу жайларынын
түрдүү тармактардагы практикалык кызматташтыгын илгерилетүүгө активдүү катышат
деп үмүттөнөбүз.
Диалог аянтчасында
Борбор Азия өлкөлөрүнүн маалымат агенттиктеринин жетекчилери эки тараптуу жана
көп тараптуу гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду
илгерилетүү, контент алмашуу, кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. «Бир
алкак, бир жол» демилгесинин алкагында ресурстарды биргелешип пайдалануу
келечеги каралды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

