«Cirque du Soleil» Казакстанга жаңы шоу-программасын алып келди

«Cirque du Soleil» Казакстанга жаңы шоу-программасын алып келди

Казакстанга атактуу Cirque du Soleil кайра келди. Астанадагы кезектеги спектаклге Монреалдан эки учак менен 200 тонна жүк жеткирилген. Du Soleil жаныбарлардын аткаруусунан толугу менен баш тартып, адамдын чексиз мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган акробатикага, жан эргиткен театрдык оюн-зоокторго таянат. Шоуга 17 тилде суйлогон 25 өлкөдөн келген артисттер жана техникалык адистер тартылган.


Жани Малле, «Cirque du Soleil» компаниясынын расмий өкүлү:


– Cirque du Soleilдеги жалпы милдетибиз – көрүүчүнүн сезимин ойготуу, кыялын учуруп, бүткүл дүйнөнү кыдырып адамдарга эмоция тартуулайбыз. Ушул максат жолунда жыл бою тынымсыз гастролдо болобуз. Биз бул өлкөгө кайра келгенибизге, жаңы аудитория менен жолукканыбызга кубанычтабыз. Бул жолу биздин жамаат Казакстанда биринчи жолу толук кандуу гастролдук шоусун тартуулайт. Буга чейин 2017-жылы EXPO көргөзмөсүнө байланыштуу атайын иш-чара менен келген элек.


Жаңы спектаклге даярдык 3 жылга жакын убакытты алат. Казакстандык көрүүчүлөр дүйнөлүк бестселлерге айланган OVO шоусуна күбө болушту. Мында жаныбарлар дүйнөсүндөгү окуя баяндалат. Сахнага 53 артист чыкса, сахна сыртында 50го жакын адам эмгектенген. Бул шоу 2009-жылдан бери дүйнөнүн 40тан ашык мамлекетинде көрсөтүлдү. Казакстанда жалпысынан 14 спектакль көрсөтүү пландалган. Шоу кулжа айынын 11нен баштап Алматыда уланат.


Артур Дудов, аба гимнасты, цирк артисти:


– Биз бир нече күн бою даярданып, реквизиттерди жайгаштырдык: өзүбүз менен абдан көп сахна шаймандарын алып жүрөбүз, анын ичинде абдан чоң жабдыктарыбыз да бар. Курт-кумурскалар дүйнөсүнүн сырлары сиздерди таң калтырат. Эгер Дюсалей цирки жөн гана балдарга арналган деп ойлосоңуз, анда жаңыласыз, биздин шоуга күбө болгон чоңдор да унутулгус таасир алышат деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков