Улуттук музей фонду улуу Абай самоору менен толукталды

Улуттук музей фонду улуу Абай самоору менен толукталды

Улуттук музей фонду Абай Кунанбай уулуна байланыштуу баалуу эстеликтер менен толукталды. Улуу ойчул көп жолу чай ичкен самоорду Абай атындагы эл аралык маданият жана колдоо фонду музейге өткөрүп берген. Экспонат 1893-жылы Тула шаарында жасалган. Изилдөөчүлөр бул самоордун чайын Абай эле эмес, Шакарим баштаган окуган, чокуган казак коомчулугу да ичкенин айтышат. Тарыхчы Айткали Кыстаубаев Семей шаарынын байыркы көпөсү Бекбай Баисовдун үйүн бузуу учурунда табылган байыркы буюмду таанып, алып калган. Баалуу экспонатты окумуштуунун урпагы бүгүнкү күнгө көздүн карегиндей сактап келген.

Ермек Бисембаев, Абай атындагы эл аралык маданият жана колдоо фондунун курултайчысы:

Атам алып келип 1980-жылдары калыбына келтирген. 10 жыл мурун атам орус темир устасы Кубринди таап, акыркы реставрацияны жасаган. Бул самоор өлкөгө кайтуу керек деп аманат кылып таштап кеткен. Ошол аманат бүгүнкү күндө аткарылып жатат.

Ошентип, Улуттук музейдеги Абайга тиешелүү экспонаттардын саны 43кө жетти. Алардын көбү ойчулдун көзү тирүүсүндө жарык көргөн чыгармаларынын түп нускалары жана жеке буюмдары.

Которгон: Илгиз Жамалбеков