Мугалим өзүнүн окутуу ыкмасын иштеп чыккан. Курстар онлайн жана оффлайн режиминде жеткиликтүү. Курста сабактар бекер, жаш курак боюнча да чектөө жок. Казак тилин үйрөнгүсү келгендер көбөйүп келүүдө. Сүйлө курсунун катышуучуларынын бири Марина Пономаренко. Алтынчы сабактан кийин ал ишенимдүү окууну, ыр айтып бергенди жана казакча сүйлөгөндү үйрөнгөн.
Марина Пономаренко, курстун катышуучусу:
- Мен Алинанын сабактарына ар дайым калтырбай катышам. Өзүм сатуу боюнча менеджер болуп иштейм, кардарларымдын 90%ы казак улутундагылар. Ошондуктан алар менен казак тилинде сүйлөшкүм келет, экинчиден, мен абдан патриотмун, андыктан бир жакка кетейин деген оюм жок.
Казак тилин мыкты билген мугалим күнүнө эки саат бою окуучулар менен тыбыштардын айтылышын иштеп чыгууга, өтүлгөн материалды кайталоого, жада калса жаңы ырларды үйрөнүүгө үлгүрөт. Негизги басым сабактардын практикалык бөлүгүнө жасалат.
Алина Кан, казак тили сабагынын мугалими:
- Менин түшүнүгүм боюнча, адам биринчи сүйлөгөндү үйрөнүп, анан грамматикага көңүл буруу керек. Казак тилин үйрөнүүдө байламталарды өздөштүрүү өтө кыйын. Тактоочторду жаттоо да оңой эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков