Сөөк тканынын жеке банкы. Мындай уникалдуу структура Карагандыда түзүлгөн. Көп тармактуу оорукананын хирургдары немис технологиясы боюнча сөөктөрдү чогултуунун аркасында жылына 200гө чейин операция жасашат. Көбүнчө жасалма муунду дарылоодо кесип алынган ортоңку жиликтин башы материал катары колдонулат. Алгач сөөк бөлүгү иштетилип, кемирчектин бети алынып салынат. Андан кийин стерилденген идишке салынат. Ошентип, ал 104 градус температурада термикалык тазалоодон өтөт. Натыйжада бардык вирустар жана белоктор жок кылынат. Ошентип, сөөк структурасы гана калат. Контейнерди атайын муздаткычта -28 градус температурада 5 жылга чейин сактоого болот. Дарыгерлер мындай донордук сөөктүн 100% бүтүп кетерин айтышат. Бул ыкма сөөк шишиктерин, ошондой эле ткандардын ичкерилишине байланыштуу сыныктарды, кулоо, соккудан улам жараат алганда операция учурунда колдонулат.
Берик Толеубаев, Х. Макажанов атындагы оорукананын травматология борборунун жетекчиси:
Протездөө учурунда ортоңку жиликтин башы кесилип алынат. Ошол жеринен трансплантация жасайбыз. Анткени ал бейтапка кереги жок. Анткени ага жаңы муун салынат. Андан кийин сөөктү каалаган убакта банктан алынат. Кайсы бейтапка керек, биз ошого колдонобуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков