Илимий долбоорлорду коммерциялаштыруу

Илимий долбоорлорду коммерциялаштыруу

Аны кайра иштетүү толук мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүктү бере турган уникалдуу өндүрүш Казакстанда ишке киргизилет. Жараксыз өнүмдү айыл чарбасында колдонууга болот. Маселен, мындай чийки зат айыл чарба техникасын майлоого, малдын тоютуна кошууга ылайыктуу. Аны жада калса боёк, самын жана биоотун өндүрүүдө да колдонсо болот. Бул Сакен Сейфуллин атындагы Казак агрардык университетинин окумуштууларынын ойлоп табуусу.

Жылдыз Сатаева, долбоордун автору, окумуштуу:

- Бүгүнкү күндө пайдаланылган өсүмдүк майы коомдук тамак-аш тармагында көп өлчөмдө чогултулат. Көбүнчө калдык катары канализацияга төгүлөт. Мындан улам түтүктөр бүтөлүп калат. Экология булганып, адамдын ден соолугуна коркунуч жаралат. Башкача айтканда, зыяны көп. Өндүрүшкө келе турган чыгашаны да эске алуу керек. Биз бул маселени көп жылдан бери изилдеп келебиз. Ошондуктан идеяны бекемдедик. Долбоорубузду толук кандуу коммерциялаштыруу сынагына сунуштоого жарым жыл гана убакытыбыз кетти. Ар тараптуу изилдөөлөрүбүз текке кеткен жок, эмгегибиздин үзүрүн көрүп жатабыз.

Ата мекендик илимпоздордун бул долбооруна борбор калаанын инвесторлору кызыгуучулук таанытышты. Алардын бири өндүрүштү баштоо үчүн 90 миллион теңгеден ашык инвестиция салууга даяр.

Алмас Суйлеменов, ишкер:

- Мени чакырып, бизнес-инкубаторго кошкону үчүн Илим фондуна ыраазычылык билдирем. Мен май өндүрүү менен алектенем. Жаңы инновацияларга, алдыңкы технологияларга инвестиция салып, өндүрүшүбүзгө киргизүүнү пландаган элем. Идея менен таанышып, издегенимди таптым. Колдонулган өсүмдүк майларын кайра иштетип, малга тоют, түрдүү боёкторду жасоого болорун түшүндүм. Казакстанда теңдеши жок уникалдуу технологиялык өнүмдөрдү Өзбекстан, Орусия сыяктуу коңшу өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өндүрүштү өлкөнүн борборунда баштоону көздөп жатабыз.

Казакстандык  изилдөөчүлөрүнүн илимий иштеп чыгууларын коммерциялаштырууга "Илим фонду" жигердүү киришти. Фонд өлкөдө илимий өндүрүштөрдү ишке ашыруу үчүн гранттык каржылоо программасынын оператору болуп саналат. Бул бизнеске ата мекендик инвесторлор да кызыкдар. Алар пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө.

Курмангазы Омаров, «илим фонду» АК инвестициялар жана жаңы долбоорлор департаментинин мүдүрү:

- Бул максаттуу грант ата мекендик окумуштуулардын ойлоп табууларын колдоого багытталган. Бизнести ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартуу үчүн биргелешип каржылоонун милдеттүү талабы бар. Тараптар өз ара пайдалуу келишим түзүшөт. Ушундай жол менен илимпоздор ишкерлер менен биригип өздөрүнүн долбоорун каржылык жаатта жемишин көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Учурда Илим фонду тарабынан түзүлгөн бизнес өнөктөштөр клубуна 170тен ашык бизнесмендер мүчө. Алардын ойлоп табуучулар менен үзгүлтүксүз кызматташуусунун натыйжасында борбордо 5 жаңы илимий өндүрүштү ишке киргизүүгө келишим түзүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков