Токиодо Азия өлкөлөрүндөгү казактардын Кичи курултайы өттү

Токиодо Азия өлкөлөрүндөгү казактардын Кичи курултайы өттү

Токиодо Азия казактарынын чакан курултайы болуп өттү. Иш-чарага Малайзия, Корея, Монголия жана Жапониядан 200гө жакын мекендештерибиз катышты. Күн чыгыш өлкөсүндөгү форумга Казакстандан да чоң делегация барды. Жыйында  Азия казактарынын кеңешин куруу тууралуу меморандумга кол коюлду. Документ аймактагы казак уюмдарынын биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруусуна жол ачат. Конференциядан кийин тарых, чыгыш таануу жана этнография тармагындагы окумуштуулардын пайдубалдык баяндамалары угулду. Курултайдын алкагында жарманке уюштурулуп, зер буюмдар, улуттук кийимдер коюлду.  Иш-чара заманбап жана элдик музыканын концерти менен аяктады. Белгилей кетсек, бул иш-чара Жапония казактарынын ассоциациясы, «Отандастар» фонду жана Казакстандын Жапониядагы элчилиги менен биргеликте уюштурулган. Азия казактарынын кийинки курултайы 2027-жылы Монголияда өтөт.

Бибигүл Жексенбай кызы, Казакстан Республикасынын Парламент Сенатынын депутаты:


– Кез-келген эл менен мамлекетти жакындатуучу саясат гана эмес, албетте, өнөр, маданият, билим. Жакынкы арада Азия мамлекеттериндеги мекендештерибиздин башын бириктирүү үчүн атайын кеңеш түзүлүп, бул багыттагы иштер системалуу түрдө улана тургандыгы кубандырат. Эң негизгиси, мындай кеңеш жаштардын улуттук эс тутумун, тилин, маданиятын, каада-салтын сактоодо чоң колдоо көрсөтүп жатат.


Дүйсенали Абдилашим уулу, тарых илимдеринин доктору,  ТUFS Токио чет тилдер университетинин профессору:


Ушул Жапонияда жарык көргөн китебим Казак хандыгынын тарыхый документи болду. Мен аны ушул жыйында курултайга келген меймандарга тартууладым. Мунун баары казак элинин маданиятын, тарыхын, салт-санаасын дүйнө өлкөлөрүнө, мекендештерибизге таанытуу болчу.


Которгон: Назира Бегалиева