Париж: Казакстандык сүрөтчүлөрдүн эмгектери кызыгуу жаратты

Парижде өткөн Asia Now заманбап искусство жарманкесинде казак сүрөтчүлөрүнүн уникалдуу эмгектери келгендерди таң калтырды. Коноктор көчмөн элдин уникалдуу токуу өнөрүнө күбө болушту. «Убакыт кездемеси: казак искусствосунун үч мууну» көргөзмөсү коомчулукка көчмөндөрдүн тарыхый жана маданий мурастары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү. Ал эми көпчүлүктүн көңүлү ал жердеги боз үйгө бурулду. Көчмөндөр үчүн ыйык мааниге ээ болгон сүрөттөрдөгү оймо-чиймелер, оюулар көрүүчүлөрдү ого бетер кызыктырды.

Найма Морелли, жазуучу, сүрөтчү:
- Борбордук Азиянын заманбап искусствосунун көргөзмөсүн көргөнүмө кубанычтамын. Албетте оймо-чиймелерди, боз үйлөрдү буга чейин угуп, көрүп эле жүргөм, бирок мындай көргөзмөлөрдө сүрөтчүлөр заманбап жана салттуу багыттарды чебер кантип айкалыштырганына биринчи жолу күбө болуп жатам. Авторлордун кийизди колдонгону мени таң калтырды. Дээрлик бардык иштерде ушул материал колдонулган. Ар биринин өзүнүн өзгөчөлүгү бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков