Казакстанда IT демилгелерге 130 миллион доллар инвестиция тартылды

Казакстанда IT демилгелерге 130 миллион доллар инвестиция тартылды

Бул тууралуу өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги билдирди. Министрлик IT кызматтардын экспортун өнүктүрүү негизги стратегиялык багыт экенин белгиледи. Буга байланыштуу улуттук долбоордо атайын көрсөткүчтөр негизги максат катары коюлган. Жалпысынан IT экспортун 2025-жылга чейин 500 миллион долларга жеткирүү пландалып жатат. Айта кетсек, ата мекендик ишкерлердин дүйнөлүк рынокко чыгуусуна жагымдуу шарттар түзүлүп, ар кандай мамлекеттик колдоо чаралары көрүлгөн. Ошону менен бирге өлкөдө экспорттук өндүрүштүк-инновациялык мекемелерге маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү багытында кеткен чыгымдардын ордун толтуруу механизми колдонулууда. Бул механизмдин аркасында 2022-жылы 60 миллион теңгеге жакын чыгымдын орду толтурулган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков