Республикада элеттик медициналык уюмдарды, массалык саламаттыкты сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасына киргизүү мерчемделүүдө. Бул өлкөнүн жарандарына өздөрү жашаган аймактарда сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул үчүн айылдардагы адистердин жетишсиздигине жана дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууга артыкчылык берилет. Заманбап технологиялар киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Алихан Смаилов билдирди. Ушул жана башка маселелер жер-жерлерде саламаттыкты сактоо тармагын жаңыртууга багытталган Улуттук долбоордо камтылган. Анын алкагында 655 баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү объектилер курулат жана оңдоодон өтөт. Ошондой эле 12 оорукана жаңыртылып, 20 райондук бейтапкана ачылат.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
Мындан тышкары, башка долбоорлордун алкагында, мисалы, “Элет – өлкө бешиги” долбоорунун алкагында медициналык мекемелерди куруу пландалууда. Башкача айтканда, айыл калкы үчүн 700гө жакын медициналык мекеме ачылат. Долбоор тарабынан каралган бардык чаралар айылда медициналык кызматтын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Буга байланыштуу Улуттук долбоорду бекитүүнү сунуштайм. Саламаттыкты сактоо министрлиги, тиешелүү мамлекеттик органдар жана администрациялар менен бирдикте улуттук долбоордун иш-чараларын өз убагында ишке ашырууну камсыз кылсын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков