Улуттук музей дагы бир алтын адам менен толукталды

Улуттук музей дагы бир алтын адам менен толукталды

Өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына өзгөчө белек. Улуттук музейде Улуу Талаанын тереңинен табылган сегизинчи Алтын адамдын реконструкцияланган эскизи коюлду. Руханий азык берүүчү жайдын аталышы боюнча казына Алтын залдын төрүнөн башка замандаштарынын катарынан татыктуу орун тапты. Бул биздин заманга чейинки IV-III кылымдардагы сармат көсөмү. Мындан эки жыл мурун Актөбе облусундагы Таскопа көрүстөнүндөгү экспонаттарды изилдеген окумуштуулар анын абройлуу инсан экенин аныкташкан. Ошол учурдан тартып адистер бою 185 сантиметр, жашы элүүдөн ашкан тарыхый инсандын образын калыбына келтире башташкан. Илимий реконструкциялоодо анын оригиналдуу кийиминин, курал-жарактары жана 4 миңге жакын алтын зер буюмдарынын так көчүрмөсү алынган. Мындай иштер менен алек болгон топтун мүчөлөрү жоокердин жүзүн байыркы адамдын түспөлүнө мүмкүн болушунча окшоштуруп, реалдуу жасоого өзгөчө маани бергенин айтышат.

Болат Атыраубаев, сүрөтчү-реставратор:

- Бизде башкаларды туурабоо максаты бар болду. Бул өзгөчө болушу керек. Кантсе да тарыхта кала турган нерсе. Ошондуктан биз көптөгөн эскиздик долбоорлорду ойлоп таап, ушул калыпка токтолдук. Чоң согуштан келип, эс алып отурган сыяктуу ташка отургуздук, колунда кылычы, камчысы бар. Ошол Улуу инсанды, ошол образды көрсөтүүгө аракет кылдык. Эми ойдогудай болду деп ойлойм. Көптөгөн адамдар келгенде тирүү адам отурабы деп ойлошот. Анткени мунун баарын окшоштуруу оңой эмес. Биз ар бирин кол менен, ийне менен тигип чыктык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков