Быйыл Султанмахмут Торайгыровдун туулганына 130 жыл
толду. Акындын мааракесине карата анын туулган жери Павлодар облусунда
майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Баянауылда этношаарча курулуп, боз үйлөр
тигилди. Казак адабиятынын көрүнүктүү ишмеринин урматына облуста сөзгө чечендер
чогулуп, ыр айтып, адабий окуулар өттү. Түрдүү таалим-тарбия көргөзмөлөр
уюштурулду. Ошондой эле окурмандарга жазуучунун редакцияланган толук
чыгармалары тартууланды. Эске сала кетсек, 27 жашында дүйнөдөн кайткан
Султанмахмут Торайгыров аз өмүрүндө камчынын сабындай тарбиялык мурас калтырып,
казак маданиятынын тарыхынын жаркын элесине айланган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков