Казакстандык дыйкандарды колдоо үчүн 116 миллиард теңге каражат бөлүндү. Акча өкмөттүн резервинен берилет. Тиешелүү токтомго өлкөнүн Премьер-министри кол койду. Бул сумма үстүбүздөгү жылы жазгы-талаа себүү жана жыйноо иштерин сапаттуу жүргүзүү үчүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жумшалат. Ошондой эле аны атамекендик айыл чарба техникаларын сатып алууга пайдалануу көздөлүүдө. Белгилей кетсек, документ мамлекет башчысынын алдыдагы жазгы-талаа жана оруп-жыюу иштерине жеңилдетилген каржылоону камсыздоо боюнча тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеко

