Дүйнөнү багындырган казакстандык илимпоздун уникалдуу ойлоп табуулары

Дүйнөнү багындырган казакстандык илимпоздун уникалдуу ойлоп табуулары

Биолокация аппараты, брайл шрифти боюнча машыктыруучу, экзоскелет жана сууда сүзүүгө арналган монокайык. Бул казакстандык окумуштуу Галымжан Габдрешовдун уникалдуу ойлоп табуулары Европанын эң мыкты иштеп чыгууларынын тизмесине киргизилип, Бириккен Улуттар Уюмунун үч сыйлыгына сунушталып жатат. Ата мекендик окумуштуу ойлоп тапкан өзгөчө долбоорлор менен кесиптешим Айгерим Акимжанова таанышып кайтты.

«Sezual» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Галымжан Габдрешев ушул кезге чейин ойлоп тапкан иштеп чыгууларынын көпчүлүгү көзү азиз адамдарды коомдон четте калтырбай жашоосун жеңилдетүүгө багытталган. Брайл шрифтин үйрөтүүгө арналган машыгуучу жабдык жана биолокацияны аныктоочу үн чыгаруучу аппарат дал ушуну көздөйт. Беш жыл мурун бир киши көзүн катуу жабыркатып алган. Көзүнүн көрүүсү калыбына келгени менен дарыгерлер адам сокур болуп калышы мүмкүн экенин эскертишкен. Ошол кезде ойлоп табуучу жардамчы аппараттарды иштеп чыгууну чечкен. Биринчи жаңы идеялардын бири биолокатор. Анын жардамы менен көзү таптакыр көрбөгөн адамдар айлана-чөйрөнү таанып, саякаттай алат, жада калса велосипед тээп үйрөнө алышат.

Галымжан, Габдрешев, казакстандык илимпоз, илимдин кандидаты

Адамдын мээси түнкү жаныбарлар сыяктуу айлана-чөйрөнү ар кандай үндөрдүн жардамы менен таанып, көрө алат. Башкача айтканда, биз жарык толкундарынын жардамы менен визуалдык сүрөттөрдү калыптандырабыз. Биз жөн гана үн жана жарык инсталляциясын түзгөн жокпуз. Мындан тышкары, биз мээнин көрүү кабыгын машыктыруу технологиясын иштеп чыктык. Ошентип, биз чыныгы образдарды элестете алабыз. Дал ушул ой, бизди эч жерде теңдеши жок ойлоп табууга негиз болду.

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму менен Европалык окумуштуулар кеңеши майыптар үчүн инновациялар жаатында чыгарган корутундусуна ылайык, казакстандык биолокатор көзү азиз адамдардын көрүүсүн толук алмаштырууга мүмкүндүк берген биринчи ойлоп табуу катары таанылды. Азыркы учурда аппарат илимий-изилдөө жана эксперименталдык иштеп чыгуу этабынан коммерциялаштырууга өтүүдө. Америкалык окумуштуулар казакстандык долбоорго чоң кызыгуу арттырышууда. Галымжан Габдрешевдин дагы бир уникалдуу ойлоп табуусу – бул «фиш локамоушн» деп аталган монокайык. Ал сууда сүзүү менен ичинде толкун сымал кыймылдарды жасоого мүмкүндүк берет. Окумуштуу бул ыкма остеохондроз, сколиоз, омуртка аралык грыжа сыяктуу оор оорулардан арылып, жалпы ден соолукту чыңдоого жардам берерин айтат. Азырынча Галымжан бардык изилдөөлөрдү өзү сыноодон өткөрүп жатат жатат.

Аскар Баймагамбетов, калыбына келтирүү борборунун башкы дарыгери

Биз ишибизди таяныч-кыймыл аппараты жана муундардын кыймылы тууралуу бардык керектүү маалыматтарды чогултуу менен баштадык. Кийин жүргүзгөн бардык изилдөөлөрдүн натыйжалары оң динамикасын көрсөттү. Биохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен организмдеги кандын курамы жакшырганын байкадык. Ал тургай, салмактын азайышына таасири абдан жакшы болду. Омуртканын жана жүлүндүн хирургиялык жол менен дарылоого мүмкүн болбогон 20дан ашык ооруларын айыктырууга жардамы тийди.

Ата мекендик илимпоз алдына мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бүтүндөй эко-системаны түзүү милдетин коюп жатат. Анын колу менен жасалган уникалдуу ойлоп табууларды дүйнө тааныды. Чет элдик компаниялардан долбоордук укуктарды сатып алуу боюнча көптөгөн сунуштар түшкөн. Муну менен алектенүүнү каалагандар дагы эле көп экенин айтат. Галымжан автордук укукту алууга багытталган сунуштардын баарынан баш тартып, өлкөнүн атынан өзүнүн демилгелерин жайылтып келүүдө. Эми мамлекеттин колдоосу менен инвестиция таап, долбоорлорду өндүрүшкө киргизүү максаты турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков