72 жаштагы жөө күлүк Улытаудан борборго жетти

72 жаштагы жөө күлүк Улытаудан борборго жетти

Казакстандын аймагын жөө багындырууну чечкен 72 жаштагы Сарсенбай Котырашов борборго жетти. Өлкөнүн баш калаасы – марафон учурунда жөө күлүк токтогон 13-аймак. Аксакал туулуп-өскөн Караганды облусунун Улытау айылынан сапарга чыккан. Азыр ал күнүнө 40 чакырымды артка таштайт. Узак сапарга чыгаар алдында пенсионер марафонго дыкаттык менен даярданган. Ал күн сайын 100 чакырымга чейин жөө басып өткөнүн айтат.

Сарсенбай Котырашов, саякатчы:

- Алдыдагы максатым Меккеге жөө барсам - дейм. Андан кийин Кудай күч-кубат берсе жер жүзүн кыдырып, элим, улутум бар экенин дүйнөгө көрсөткүм келет.

Бул убакыттын ичинде саякатчы он жуп бут кийимди алмаштырууга жетишкен. Марафон Актау шаарында аяктайт. Жалпысынан жетинин айына чейин Казакстандын 18 шаарына жөө барууну көздөп жатат. Ал өзү жашаган Улытау тарыхы менен тааныштырып, Нооруз майрамын кеңири жайылтууну, ошондой эле ар бир аймактын кол өнөр чеберлери тууралуу жаңы маалыматтарды чогултууну максат кылган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков