«Астана Опера» «Алпамыс» спектаклин иштеп чыгууда

«Астана Опера» «Алпамыс» спектаклин иштеп чыгууда

30 жылдан кийин Эркегали Рахмадиевтнн «Алпамыс операсы» кайрадан сахнага чыкты! Жылдын чоң премьерасын «Астана Опера» театры Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына даярдап жатат. Бул жолу баатырдык спектакль жаңы жана укмуштуу окуялар менен өзгөчөлөнөт. Муну менен катар Шекспирдин сахнага болгон куштарлыгы да күчөмөкчү.

Азамат Жылтыркөзов, «Астана Опера» театры труппасынын мүдүрү:

- Анын өзгөчөлүгү эмнеде? Бул опера 1973-жылы жазылган. Ал СССР тараганга чейин коюлуп жүрдү. Ал эми азыр 30 жылдан кийин бул опера жаңы багытта, жаңыланган вариантта коюлат. Эгерде опера тууралуу айта турган болсок, башкы каармандар Алпамыс, анын сүйүктүүсү Гүлбаршын, ошондой эле анын душмандары Тайшык хан, Мыстан кемпир менен Караман жана башкалар.

Элдик эпикалык баатыр Алпамыс баатырга арналган операнын сюжети менен катар казак элинин бакыт, эркиндик, мекен үчүн күрөшүн, сүйүүсүн даңазалаган бул чыгарманын ырааттуу музыкалык драматургиясы көрүүчүлөрдү дароо өзүнө тартып турат. Премьерада башкы ролдорду Расул Жармагамбетов менен Жамиля Жаркымбаева аткарат. Сахнадагы легенданы орусиялык белгилүү режиссер Юрий Александровдун жетекчилигинде сунушталат.

Алпамыс операсынын премьерасы бештин айынын 3 жана 4нө белгиленген. Бирок, продюсерлердин айтымында, аны кийинчерээк да көрүүгө болот. Анткени, улуттук операнын шедеври борбордогу театрдын туруктуу репертуарына кирген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков