Жалпы улуттук аза күтүү күнүндө дүйнө жүзүндөгү казакстандыктар да көңүл айтууда. Киевдеги казак диаспорасынын өкүлдөрү Казакстандын Украинадагы элчилигине келип, гүл коюп жатат.
Алмагүл Кенжебаева, Украинадагы казак диаспорасынын өкүлү:
- Биз Киевде бир нече жылдан бери жашайбыз. Мындай согуштарды башыбыздан өткөрдүк. Тактап айтканда, бул жердеги казактар биригип, биримдикте болсок, бизге эч бир душман тийе албасын билебиз. Бир нече күндөн бери ошол чаттарда болуп, бири-бирибизге көмөктөшүп, уча албай жаткан мекендештерибизге, тамак-ашына, жатаканасына, элчилигибиз менен биргеликте жардам берип жатабыз.
Бүгүн Казакстандын Түркиядагы элчилигинде, Стамбул жана Анталия консулдуктарында көк желек түшүрүлдү. Элчиликке келген жарандар жана чет элдиктер жоокерлердин жана жайкын тургундардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков