Бюрократияны жана кагаз иштеринен толук арылуу. Мамлекеттик органдардын ортосундагы документ жүгүртүүнүн 80 пайыздан ашыгы эки тараптуу. Бүгүнкү күндө бир жарым миңге жакын түрү бар. Жакынкы жылдарда отчеттордун санын эки эсеге кыскартуу мамлекеттик кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, жүктөмдү азайтат. Серепчилер мамлекеттик аппараттын ишин жакшыртуу боюнча чараларды жана Президенттин жарлыгында белгиленген милдеттерди талкуулашты. Алардын айтымында, азыр мамлекеттик аппарат 35 миңден ашык функцияны аткарса, 2015-жылы алардын саны 8 эсеге аз болгон. Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар агенттигинин төрагасынын орун басары Айгүл Шаимованын айтымында, жыл сайын мамлекеттик органдардын функцияларынын саны өсүп, иштин мазмуну жакшырбай жатат.
Айгүл Шаимова, Казакстандын стратегиялык пландоо жана реформалар Агенттигинин Төрагасынын Орун Басары:
– Мамлекеттик аппарат коомдун, бизнестин көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын билип, зарыл чечимдерди тез жана натыйжалуу кабыл алып, аларды ишке ашырууга тийиш. Маселенин практикалык чечимин камсыздаган конкреттүү натыйжа, мамлекеттик органдардын ишинде натыйжалуулукту айкындоочу критерий болот.
Президенттин жарлыгында белгиленген бир катар милдеттерди аткаруу Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттикке жүктөлдү. Бул «Е-кызмат» маалыматтык тутумунун негизинде мамлекеттик кызматка кабыл алуу жана тандоо жараянын толук санариптештирүүнү камсыздоо кызматы.
Берик Беркимбаев, Казакстандын Мамлекеттик кызмат иштери Агенттигинин Төрагасынын Орун Басары:
– Маселен, өткөн жылы 28 миң тандоого сынак жарыяланган. Сынакка 46 миңден ашык талапкер катышты. Анын 30 пайызы гана ийгиликтүү өтүп, жумуш менен камсыз болушту. Албетте, бул «Е-кызмат» маалыматтык системасы аркылуу мамлекеттик кызматка тандоо жараянынын бардык этаптарын автоматташтыруу, аралыктан катышуу, жогорудагы көйгөйлөрдү чечери анык. Андыктан агенттик тарабынан бул ишти келерки жылдын аягына чейин аяктоону мерчемдеп жатабыз.
Белгилей кетсек, муну менен бирге, мамлекеттик аппаратты кагаздан санарип форматка өткөрүүдөн тышкары, бюджеттик жана жөнгө салуу жараяндары оптималдаштырылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков