Улуттук кол өнөрчүлүктү жаңыртуу

Улуттук кол өнөрчүлүктү жаңыртуу

Көкшетаулык окуучулар менен жаш өспүрүмдөр казактын элдик өнөрүн кайра жандантып, жыгач иштетүүнүн сырларын терең үйрөнүп жатышат. Ернур Молдабай ийрим ачылгандан бери бош убактысын ушул жерде өткөрөт. Ал улуттук оймо-чиймедеги кол өнөрчүлүктү шыктануу менен жасоого аракет кылат.

Ернур Молдабай, ийримдин катышуучусу:

- Бул менин биринчи жумушум. Бир аз кыйынчылык болду. Териден, сөөктөн, жыгачтан, аттын кылынан жасадым. Эң кыйыны кыл болду. Бир жагынан сексен, экинчи жагынан сексен эки кыл. Ал эми тартса, алтымыш кыл. Башка көп нерселер да бар.  Мен алардын баарын жасап көргүм келет.

Ийримге 10 жаштан жогорку курактагы балдар катышат, алар шаймандарды билгичтик менен башкарып, жабдыктарды эркин колдонот. Бир канча сабактарда жыгачтын кесиндилеринен сөөк, териден көз жоосун алган ар кандай тиричилик буюмдары жана азем белектерди жасашат.

Бату Сапарбек, ийримдин катышуучусу:

- Учурда атама керектүү шаймандарын сала турган  кутуча жасап жатам. Бардык куралдары туура келет деп ойлойм. Мен атамды кубандыргым келет.

Ийримдин жетекчисинин айтымында, биринчи кезекте балдар жыгач иштетүүнүн ыкмаларын үйрөнүшөт. Ошондон кийин гана жыгач оюп, татаал буюмдарды жасоого киришет.

Олжас Ахметов, ийримдин жетекчиси:

- Окуу программасына ылайык ийримге катышкан ар бир биринчи курстун студенти 3—4 сабактан кийин жыгачтан буюм жасоого тийиш. Ошондо гана окуучулардын кызыгуусу артат. Биринчи кезекте аларга  жөнөкөй нерселерди жасатабыз. Ал эми белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин гана тажрыйба аяктагандан кийин, биз чоңураак буюмдарга өтөбүз. Чоң атамдан калган ата кесибин кайра жандандырып, келечектеги урпактарга жеткирүү менин милдетим. Ошон үчүн колумдан келгендин баарын жасап, үйрөтүп жатам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков