Silk Way Star долбоорунун бардык катышуучулары Астанага келишти

Silk Way Star долбоорунун бардык катышуучулары Астанага келишти

Азиялык Silk Way Star вокалдык сынагына катышуу үчүн дээрлик бардык катышуучулар Астанага келишти. Алардын арасында Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу Борбор Азиядан келген коноктор да бар. Салт боюнча конкурсанттарды аэропорттон сый-тамак жана музыка менен тосуп алышты. Долбоордун катышуучулары интервьюсунда өлкөнүн меймандостугун гана эмес, борбордун кооздугун да белгилешти. Алар терезеден Астананын жашыл алкагын жана шаардын масштабдуу архитектурасын көрүп, суктанышты. Эскерте кетсек, сынактын жеңүүчүсү болуу үчүн 12 өлкөнүн аткаруучулары ат салышат, ал эми тасмага тартуу баш оона айынын 26сында башталат.

Довран Шаммыев, Silk Way Starдын катышуучусу, Түркмөнстан:

- Мындай масштабдагы сынак менин тажрыйбамда биринчи жолу болуп жатат7 Мен үчүн бул сынакка катышуу – биринчиден өз өлкөмдү татыктуу көрсөтүү, экинчиден маданиятыбызды көрсөтүү, элибиздин жанынын, жүрөгүнүн бир бөлүгүн көрсөтүү. Албетте, башка аткаруучулар менен бирге музыканын бириктирерин, музыка – бул сүйүү, бул – тынчтык, бул – достук экенин бүткүл дүйнөгө көрсөтүү.

Которгон: Назира Бегалиева