Казак маданий мурасынын эки жаңы элементи ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилди. Бул Ортеке казактын салттуу куурчак бий өнөрү жана Кожанасырдын күлкүлүү окуялары. Бул тууралуу Марокконун борборунда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин кезектеги сессиясында жарыяланды. Буга чейин ЮНЕСКОнун репрезентативдик тизмесине 11 элемент кирген. Алардын төртөө улуттук казактын маданий мурасына байланыштуу: Тактап айтканда, 2014-жылы «Домбра күй өнөр», эки жылдан кийин «Казак күрөшү», 2017-жылы «Асык ату», 2018-жылы «Жылкычылардын жаз майрамы салттары» дүйнөлүк түбөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков