Буга байланыштуу эртеңден баштап бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Маселен, борбор калаанын тургундары менен коноктору 3 күн бою шаңдуу ыр-күүгө күбө болот. Майрамга карата Алматыдан атайын келген “Отырар сазы” фольклордук-этнографиялык улуттук аспаптар оркестри жана “Курмангазы” оркестри өнөрлөрүн тартуулашат. Эске салсак, ата-бабалардын үнүндөй болгон улуу талаанын көп кылымдык тарыхынан кабар берген ыйык аспапты даңазалаган майрам 2018-жылдын теке айынын биринчи жекшембисинен тарта белгиленип келет. Учурда эки кылдуу, көп баскычтуу аспапты ойноочулардын катары көбөйүп келүүдө.
Биржан Али, Курмангазы оркестринин домбрачысы:
- Бул Домбра күнү өткөрүлүп жатканына көп болгон жок. Бирок ушундай чоң масштабда белгиленип жатканы кубандырат. Эгерде мындан ашып, андан ары уюштура турган болсок, домбрага болгон ышкыбоздуктун өтө жогору экенин көрсөтсө болот деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков