Казакстанда турак жайды ижарага алуу акысын субсидиялоо программасы бугу айында ишке кошулат

Казакстанда турак жайды ижарага алуу акысын субсидиялоо программасы бугу айында ишке кошулат

Ижара акысын субсидиялоо эрежелери бугу айына чейин даяр болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов өкмөттүн жыйынында тиешелүү мекемеге тапшырды. Анын айтымында, жол-жоболордун ачыктыгын камсыздоого жооптуу министрлик чын куран айынын 1не чейин курулуш тармагын санариптик технологиялар аркылуу жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун өкмөткө сунушташы керек. Башкача айтканда, программаны толугу менен жаздын акыркы айында ишке киргизүү мерчемделүүдө. Ошентип, ижара акысынын жарымы мамлекет тарабынан төлөнөт. Турак жайга муктаж адамдарды колдоо үчүн өлкө казынасынан жылына 50 миллиард теңге бөлүнөт. Бул механизм менен 70 миңден ашык муктаж үй-бүлө камтылат. Жалпысынан жаңы ыкмалар 10 жылдын ичинде жарым миллиондон ашык казакстандыктын турак жай маселесин чечет деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков