Нурлан Батпенов атындагы Улуттук травматология жана ортопедия илимий борборунун адистери борбор калаада жыл сайын 8 миңден ашык татаал операцияларды жасашат. Ата мекендик дарыгерлердин жардамын сурап, дартына даба издеп Казакстандын бардык булуң-бурчунан гана эмес, алыскы чет өлкөлөрдөн да келишет.
Олжас Бекарысов, Н.
Батпенов атындагы травматология жана ортопедия улуттук илимий борборунун
мүдүрү:
Чет өлкөдөн,
негизинен кошуна өлкөлөрдөн келгендер көп, анткени бизде аттары республикада
эле эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү болгон тажрыйбалуу адистер бар. Алар негизинен
эндопротездөө жана артроскопия менен алектенет. Борбордо тубаса сколиозду
хирургиялык дарылоого керектүү бардык жабдуулар бар. Коңшу өлкөлөрдөн келген
кесиптештерибиз да бейтаптарын бизге жөнөтүшөт. Мындан тышкары бул өлкөлөр үчүн
адистерди даярдап жатабыз. Өзбекстандан жана Кыргызстандан келген
кесиптештерибизди окуттук.
Астанага Түркия, Германия, Кытай, Россия, Индия, Бириккен Араб Эмираттары
жана Өзбекстандан алдыңкы адистер келип, Казакстандык кесиптештери менен
медицинадагы эң алдыңкы инновацияларды талкуулашты. Эки күндүк форумдун алкагында ак
халатчандар бир катар мастер-класстарды, көрсөтмөлүү операцияларды өткөрүшөт.
Алардын бирин Анкарадан келген белгилүү дарыгер, Гази институтунун профессору
Улунай Канатлы жасайт.
Улунай Канатлы, профессор, Гази
университетинин доктору /Түркия/:
Кечээ мен эң чоң
борборго барып, жабдыктарды көрүп, тажрыйбалуу адистер менен сүйлөштүм. Баары
эл аралык стандарттарга жооп берет, технологиялар операциянын каалаган түрүн
жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Эртең мастер-класстын алкагында ийин муунунун
тарамыш булчуңдары жарылган эки бейтапка операция жасайм. Тамырды бир жерге
алмаштырабыз. Бул операция Казакстанда биринчи жолу жасалат. Менин оюмча,
сиздин дарыгерлериңиз кийинчерээк өлкөлөрүңүздө жасай башташат. Сиздердин адистер
бизге мурда да келип, мындай операцияларга катышып келишкен.
Иш чаранын жүрүшүндө таяныч-кыймыл аппаратынын жаракаттарын жана ооруларын
диагностикалоо жана дарылоо жаатындагы дүйнөдөгү эң акыркы ноу-хау чет элдик
жана ата мекендик компаниялар тарабынан көрсөтүлдү. Ансыз деле суроо-талапка ээ болгон
иштеп чыгуулардын арасында жаш мекендештерибиздин долбоору бар. Бул
медицина менен инженериянын интеграциясын билдирет. Сөөктөрдүн, муундардын жана
ткандардын операцияга чейинки моделдерин 3D басып чыгаруунун аркасында
дарыгерлер бардык кыймылдарды алдын ала эсептей алышат.
Ерсултан Алжанов, Операцияга алдын
ала моделдерди даярдоо компаниясынын өкүлү:
3D басып чыгарууну колдонуу менен
операцияга чейинки пландоо хирург үчүн, мисалы, сыныктын айрым фрагменттерин
жайгаштыруу үчүн жеңилдейт. Башкача айтканда, дарыгер алдын ала пландаштырып,
ошого жараша пластинаны моделдей алат, бурамалар өлчөмүн жана санын тандай
алат. Кыскасы,
бул моделдерде операциянын өзү алдын ала аткарылып, операция учурунда эмне,
кайда жана кантип ачык-айкын көрүнүп турат.
Серепчилердин айтымында, алдыда көптөгөн пландар бар. Казакстанда биринчи
кезекте балдардын травматология жана ортопедия боюнча өзүнчө борборун,
аймактарда кырдаалдык травматология борборлорун ачуу максат кылынууда. Бүгүнкү күндө
бул багытта иштер жүрүп жатат. Ошондой эле, өлкөдө уюлдук технологияларды
жана импланттарды өндүрүү тармагындагы инновацияларды өнүктүрүүгө басым
жасалууда.
Которгон : Илгиз Жамалбеков