7 жылдын ичинде 1,5 миллион контейнер. Бул Ляньюньган шаарындагы Казакстан менен Кытайдын биргелешкен логистикалык терминалы аркылуу өткөн жүктүн көлөмү. Бул порт Чыгыш Азиядан Кытай жана Казакстан аркылуу товарларды ташуунун негизги түйүнү болуп саналат. Биргелешкен ишкана деңиз жана кургактык аркылуу эл аралык жүк ташуу менен алектенет. Бул жерде экспорттук товарлар тездетилген бажы тариздөөдөн өтүшү мүмкүн.
Чжу Сянъян, «Ляньюньган порту компаниялар тобунун» президенти:
- Бизде көптөгөн деңиз жолдору бар. Алардын жыштыгын жогорулатууну көздөп жатабыз, бул атаандаштыкты күчөтөт. Бизде дагы Алтынкөл станциясында кургак портубуз жайгашкан. Ошондуктан казакстандык ишкерлердин бир артыкчылыгы бар. Алар казакстандык кызматкерлер иштеген Ляньюньгандагы терминал менен кургак порт аркылуу же түз байланыша алышат. Биз натыйжалуу логистикалык чечимдерди иштеп чыгууда казакстандык ишкерлерди колдоого даярбыз.
Белгилей кетсек, Ляньюньгандан темир жол аркылуу жүктөрдү Казакстан аркылуу Европага жеткирүү убактысы да кыскартылды. Бүгүнкү күндө ал болгону 18 күндү түзөт. Учурда компания Каспий деңизи жана Түркия аркылуу жүк ташууну өнүктүрүүдө. Жүк бул каттамга эки жумадан бир аз көбүрөөк убакытта жетет деп мерчемделүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков