Паралимпиада: Казакстандык спортчу лыжа жарышында бешинчи болуп келди

Паралимпиада: Казакстандык спортчу лыжа жарышында бешинчи болуп келди

Бээжинде өтүп жаткан Кышкы Паралимпиада оюндарында казакстандык Александр Герлиц лыжа жарышында бешинчи орунду ээледи. Казакстандык лыжачы эркин стилдеги спринтти 3 мүнөт 13 секундда жыйынтыктады. Биринчи болуп келген француз Бенджамин Давиетке 5 жарым секунд жетпей калган. Үчүнчү орунду украиналык Григорий Вовчинский ээледи. Эске салсак, Александр Герлиц Казакстандын куржунуна медаль алып келген алгачкы спортчу. Ал биатлон боюнча 10 чакырым аралыкта коло медаль тагынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков