Казакстанда «эсте
калган окуялар жана кайталангыс адамдар» сериясындагы кезектеги коллекциялык монеталар
жүгүртүүгө чыкты. Бул жолу ал Жошы хандын 800 жылдыгына арналып жатат. Улуттук
банктын маалыматына караганда, жаңы мааракелик монеталардын 1000, 2000, 5000
теңгелик номиналдары алтын жалатылган күмүштөн жана мельхиордон жасалган.
Дана Магауина,
Улуттук банк накталай акча жүгүртүү департаментинин жетектөөчү адиси:
- Монетанын дизайнында
Улытау аймагында жайгашкан Жошы Хан монументи чагылдырылган. Жошы хан-Чыңгыз
хандын тун уулу. Жошы Улусунун негиздөөчүсү. Кийинки бетинде Алтын Ордо тыйындарынын
коллажы жасалган. Монеталар салмагы, өлчөмү, номиналы жана тиражы боюнча
айырмаланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

