Улуттук банк: санариптик теңге жыл соңуна чейин жүгүртүүгө киргизилет

Улуттук банк: санариптик теңге жыл соңуна чейин жүгүртүүгө киргизилет

Жылдын аягына чейин санариптик теңгени жүгүртүүгө киргизүү чечими кабыл алынат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. План боюнча биринчи кезекте атайын документ, методика иштелип чыгышы керек. Ал жакынкы күндөрү коомчулукка жарыяланаарын адистер айтышууда. Бул методика чыккандан кийин гана санариптик теңгени киргизүү чечими кабыл алынат. Бардык тобокелдиктерди талдоо үчүн дагы жарым жыл керектелет. Белгилей кетсек, буга чейин санариптик теңгени киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2021-жылдын экинчи жарымында ишке ашыруу мерчемделген. Андан кийин санариптик теңгени киргизүү зарылчылыгы тууралуу акыркы чечим 2022-жылдын бештин айында кабыл алынаары белгилүү болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков