Казакстан менен Өзбекстандын 16 стартабы TechCrunch Disrupt 2024 көргөзмөсүнө коюлду

TechCrunch Disrupt эл аралык технологиялык конференциясында Борбордук Евразиянын 24 инновациялык стартаптары көрсөтүлдү. Жарымынан көбү же 16 долбоор Казакстан менен Өзбекстандын иштеп чыгуучуларына таандык. Бул жылы алар биргелешкен күчтөрдү бириктирип, өз долбоорлорун Кремний өрөөнүнүн аймагында Central Asian Innovation Hubs бирдиктүү бренди менен тааныштырышты. Алардын арасында жасалма интеллект, маалыматтарды талдоо, HR, FinTech жана EdTech тармактарындагы стартаптар бар.

Асет Абдуалиев, Silkroad Innovation Hub, Партнер TechСrunch негиздөөчүсү:

- Биз TechCrunch менен экинчи жыл кызматташып жатабыз жана бул жылы биздин катышуубуз өзгөчө маанилүү, анткени биздин павильон эң чоң. Стартаптар азыртан эле алгачкы инвесторлорун, биринчи кардарларын таап жатат.

Ошондой эле эл аралык таануу. Мисалы, биздин аймактагы жаш иштеп чыгуучулардын долбоорлорунун бири Point.ai - Product Hunt аянтчасында күндүн эң популярдуу стартапы болуп калды.

Беназир Толеубекова, Pointai стартабынын негиздөөчүсү:

- Product Hunt – бул эң мыкты стартаптар жана өз долбоорлорундагы инновациялар же алардын өнүмдөрү жөнүндө айткысы келген компаниялар көргөзмөгө коюлган платформа. Бизге орточо эсеп менен саат сайын 25 кардарлар жана көптөгөн лиддер келчү. Биз Казакстан менен Өзбекстандан келген уюштуруучуларбыз жана биздин команда азыр Борбор Азияда жайгашкан.

Айта кетсек, Кремний өрөөнүндө уюштурулган иш-чара быйылкы жылы да 10 миңден ашкан катышуучуларга тажрыйба, жаңы таанышуулар жана жаңы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Татьяна Плотникова, Рwron.ai негиздөөчүсү:

- TechCrunch – бул чоң мүмкүнчүлүктөрү бар глобалдык иш-чара, анда биз бул рынокто инвесторлор, дараметтүү кардарлар менен тааныша алабыз. Биз бул сынакка катышуу чечимин кабыл алдык жана алар бизди катышуучулардын арасынан тандап алды. Биз Американын рыногуна чыгууну максат кылгандыктан, албетте, Казакстанда да иштерибизди улантабыз. Ал жерде биздин кардарлар бар. Биз мында кеңсе ачууну жана бул жерде иштөөнү пландап жатабыз жана албетте, Америка рыногунда инвесторлорду тартууну каалайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков