Казакстандын кыймылсыз мүлк рыногу оор мезгилдерди башынан өткөрүүдө. Акыркы эки айда сатуу-сатып алуу келишимдеринин саны эки эсеге кыскарды. Серепчилер мындай көрсөткүч үчүн бир нече факторлорду аташкан. Тактап айтканда, инфляция, ипотекалык пайыздардын өсүшү, кошуна мамлекеттердеги окуялар, ошондой эле пенсиялык топтоо лимитинин эки эсе көбөйүшү. Аталган себептердин дээрлик бардыгы республикадагы турак жай рыногунун наркынын туруктуулугуна алып келди. Серепчилердин айтымында, кыймылсыз мүлк рыногунда рекорддук келишим шарттары жыл башында түзүлгөн. Маселен, үчтүн айында казакстандыктар 33 миң келишим түзсө, бирдин айында алардын саны 46,5ке жеткен. Ал эми жалган куран айында көрсөткүч жаңырып, жарандар арасында 68 миң 700 келишим аткарылган. Бирок, андан кийин суроо-талап азая баштаган. Мисалы, чын куран айында 23 пайызга чейин азайса, бугу айында суроо-талап эки эсеге кыскарган. Бирок, буга карабастан өлкөдө батирлердин баасынын өсүшү токточудай эмес.
Вячеслав Лазарев, курулуш компаниясынын башкы мүдүрү:
- Батир баасынын өсүшү уланууда. Анткени биз Орусиядан көз карандыбыз. Курулуш материалдарынын 30 пайызы коңшу өлкөдөн алынып келингендиктен, баасы дагы 10-15-20 пайызга көтөрүлө берет. Белгилүү болгондой, 1 теңге азыр 9 рублга жетип жатат. Ошону менен бирге айта кетчү нерсе, азыр сатуу баасы арзандатууга байланыштуу болгондуктан, ага жараша дагы төмөндөйт, бирок мындан курулушчулар жабыр тартат.
Тармак адистеринин айтымында, мамлекет жарандардын турак-жай сатып алуусунун ар кандай жолдорун ойлонушу керек. Себеби, келишимдердин азайышы ата мекендик курулуш компаниялардын банкрот болушуна алып келет. Мунун кесепетинен жумушсуздук күчөп, өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизет.
Вячеслав Лазарев, Курулуш компаниясынын башкы мүдүрү:
- Чынында биздин компаниянын келишимдеринин саны бүгүнкү күндө 25-30 пайызга чейин түшүп кетти. Бул тармакта жалпы төмөндөөнү көрүп жатабыз. Өз тарабыбыздан жарандардын суроо-талабын сактоого шарт түзүүдөбүз, бирок жаңы мамлекеттик программаларды кошуу сыяктуу кошумча колдоого муктажбыз. Же стимул чарасы болуп саналган пайыздын өлчөмүн өзгөртүүгө болот. Бул жерде өкмөт программаны бекитип, аны колдошу маанилүү. Анткени долбоорлордун токтоп калышы жумушсуздукка алып келет. Белгилүү болгондой, курулуш тармагын мындан ары өнүктүрүү өлкөнүн экономикасы үчүн абдан пайдалуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков