Поезддин жүргүнчүлөрү чыгармачылык сынактардын жеңүүчүлөрү, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, бардыгы болуп 600 бала. «Туулган жерге саякат» деп аталган алгачкы поезд Астанадан башталып, Байкоңур, Түркестан, Алматы, Бурабай шаарларына бир убакта республиканын жети облусун кыдырат. Балдар өлкөнүн көрүнүктүү жана кооз жерлерине күбө боло алышат.
Бизге ушундай мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн ыраазычылык. Ата-энелерибиздин эмгеги үчүн чоң рахмат! Келечекте мамлекетибизге кызмат кылууга даярбыз!
Которгон: Илгиз Жамалбеков