Казакстанда дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү жакынкы күндөрү аяктайт. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 17 миллион гектардан ашуун аянтта эгин жыйналды. Быйылкы жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 24 миллион гектарды түздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 652 миң гектарга көп. Облус жетекчилеринин маалыматына караганда, 11,5 миллион тонна буудай бастырылды. Дыйкандар 2 млн гектардан ашуун аянттан май өсүмдүктөрүн жыйнап алышты. Анын ичинде, күн карама - 943 миң тоннадан ашык. Ал эми картошка толук жыйналып алынды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын сегиз айында Казакстандын буудай экспорту 1 миллиард 360 миллион долларга жеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 23%га көп. Мындай көрсөткүч 2011-жылдан бери катталган эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков