Окутуу жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын алдыңкы технологиясы колдонулат. Келечекте тараптар электромобилдерди чогултуу, 3D моделди басып чыгаруу, өндүрүштү толук автоматташтыруу өңдүү тармактарда кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтүүнү пландаштырууда. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Чыгыш Казакстан техникалык университети менен Тяньцзинь кесиптик жогорку окуу жайы кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюшту. Белгилей кетсек, кытайлык долбоордун максаты кесиптик билим берүү борборлорун биргелешип түзүү аркылуу чет элдик техникалык окуу жайларда квалификациялуу кадрларды даярдоо болуп саналат. Бүгүнкү күндө 21 өлкөдө 26 чеберкана иштейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков