Эгемен Казакстанга 30 жыл коллекциялык монеталары жакынкы аралыкта жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкы билдирди. 5000 жана 500 теңге номиналындагы күмүштөн жана 100 теңгелик мельхиордон жасалган тыйындар «Эсте каларлык окуялар жана кайталангыс адамдар» сериясын улантат. Монеталардын дизайны кайталангыс тарыхый инсандардын портреттери чагылдырылган эгемендүү Казакстандын 1993-жылкы үлгүдөгү банкнотторунун биринчи сериясы менен символикалык байланышты көрсөтүп турат. Композиция визуалдык портреттердин сериясын толуктап, мамлекеттин тарыхындагы юбилейлик мезгилди логикалык жактан чагылдырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков