Саясий репрессия курмандыктары эскерилди

Саясий репрессия курмандыктары эскерилди

АЛЖИР музей-мемориалдык комплексинин дубалына гүлчамбар коюу аземи болуп өттү. Иш-чарага Казакстандын мамлекеттик катчысы, Саясий репрессиянын курмандыктарын толук актоо боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Кырымбек Көшербаев жана мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышты. Алар саясий репрессиянын жана ачарчылыктын курмандыктарын бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти. Кырымбек Көшербаев мамлекеттик комиссиянын ишмердүүлүгү биринчи кезекте тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү боюнча чоң тарыхый миссия, анын өткөн жана келечек муун алдындагы жоопкерчилик экенин билдирди.

Кырымбек Көшербаев, Казакстан Республикасынын Мамлекеттик Катчысы:

- Бул мамлекеттик комиссия саясий репрессиянын бардык курмандыктарын, катастрофалык ачарчылык курмандыктарын толугу менен актап, тарыхый документтерге көзүбүз жетип, аны элге жарыяламайынча өзүнүн ишин аягына чыгарбайт. Азыркы учурда мамлекеттик комиссиянын курамына эки киши комиссия, 11 жумушчу топ жана 17 аймактык комиссия толук кандуу ишке киришти. Бул ишке өлкөнүн алдыңкы тарыхчылары жана серепчилери тартылган. Мурда жашыруун деп, айрыкча Улуттук Коопсуздук Комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын архивдеринде сакталып келген, ачылбай жаткан архивдердин бардыгы учурда биздин тарыхчыларыбыз жана серепчилерибизге ачык болуп, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков