Туристтик максатта
келген чет элдиктер Казакстанда 4 күнгө чейин жүрө алышат. Маданият жана спорт
министрлигинин маалыматы боюнча, АКШ, Германия, Түштүк Корея жана Индиянын жарандары
өлкөдө орточо 96 саат өткөрүшөт. Белгилүү болгондой, Өзбекстандын жарандары
Казакстанда 10 күнгө чейин жүрө алышат. Казакстанда орусиялык туристтер 6 күн,
беларусиялыктар 5 күн, немис туристтери 4 күн, кытай жарандары 3,5 күн болушат.
Жалпысынан быйылкы жайда республикага былтыркыга караганда 3 эсе көп коноктор
келген.
Нуртас Байларов, Туризм индустриясы комитетинин системалуу чараларды ишке ашыруу
башкармасынын башкы серепчиси:
eQonaq системасы бир нече маанилүү функцияларды аткарат. Тактап айтканда, бул биздин өлкөгө келген туристтердин агымын көзөмөлдөө жана талдоо, жайгаштыруунун реестрин түзүү жана башка. Негизги максат - туристтерге көрсөтүлүүчү кызматтардын ачыктыгын жана сапатын жогорулатуу. Ошондой эле, Казакстан Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жакшыртуу. Системада жайгашкан жерди аныктоо кызматын көрсөткөн 3214 ишкердик субъекти катталган
Которгон: Илгиз Жамалбеков