Kids go free программасы казакстанда эмдиги жылы иштейт

Kids go free программасы казакстанда эмдиги жылы иштейт

Учакта учуу балдарга акысыз болот! Маданият жана спорт министрлигинен Kids go free программасы качан иштей турганын айтышты. Туризм комитетинин төрагасы Дастан Рыспековдун айтымында, казакстандык балдарга өлкө боюнча акысыз саякаттоого мүмкүндүк берген эрежелер эмдиги жылы күчүнө кирет. Эске салсак, буга чейин министрлик өлкө чегинде саякатка жөнөгөн ата-энелерге жашы жете элек балдар үчүн акы төлөнбөй турганын айтышкан. Профилдик комитеттин жетекчисинин айтымында, бул чара ТОП-10 алдыңкы туристтик аймактарда уюшулган үй-бүлөлүк эс алууну көбөйтүүгө багытталган. Бирок ал тармактын адистери мындай мүмкүнчүлүктү казакстандыктар туристтик кызмат көрсөтүү топтомун сатып алган шартта гана ала алаарын белгилешет.

Дастан Рыспеков, КР Маданият жана спорт министрлигинин туризм комитетинин төрагасы:

- Дем алыш күндөрү чоң ата, чоң энелер мамлекеттин эсебинен уча алышпайт. Бул биз туроператордон сатып алган жолдомолор болуп саналат. Мисалы, биз Алакөлгө үй-бүлөбүз менен бара жатабыз. Эгерде үч баласы бар ата-эне үчүн жолдомо 400 миң турса, андан 100 миң балдар билети болуп эсептелет. Мамлекет ошол 100 миң теңгени төлөп берет.

Которгон: Субанбек Исмакеев