Казакстан электр энергиясы эң арзан өлкөлөрдүн бири. Өлкө электр энергиясын пайдалануу боюнча Европа өлкөлөрүнүн рейтингинде алдыңкы орунда турат. Эң арзан өлкөлөрдүн тизмесинде Казакстандан кийин Орусия менен Украина жайгашты. Ал эми тескерисинче электр энергиясы кымбат өлкөлөрдүн сап башында Норвегия менен Исландия турат. Бул өлкөлөрдө электр энергиясын керектөө да жогору. Казакстан электр энергиясын керектөө боюнча 40 өлкөнүн ичинен 8-орунду ээлеген. АйЭй изилдөөсүнө ылайык, Казакстан калкты электр энергиясы менен 100% камсыздаган өлкөлөрдүн да катарына кирет. Быйыл өлкөдө электр энергиясын өндүрүү 7,7 пайызга өстү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков