Борбор калаада биринчи жолу өтүп жаткан жыйынга Казакстандан жана чет өлкөлөрдөн билим берүү тармагынын бир катар жетекчилери жана адистери, ошондой эле колледждердин, мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилери, мугалимдер катышты. Форумдун катышуучулары өз мекемелеринде заманбап билим берүү үлгүлөрүн киргизүү жана ыкмаларды өнүктүрүү боюнча мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Бул жаатта адистер “Ийгиликтүү билим берүү уюмдарынын акселератору” программасынын бере турган нерселери көп дешет. Бул долбоор улуттук кадрларды өнүктүрүүгө, окуу программасын жакшыртууга, мектептердин инфраструктурасын чыңдоого жана окуу процессинде заманбап ыкмаларды колдонууга багытталган. Белгилей кетсек, аталган методология боюнча үч жыл ичинде орто, орто-кесиптик жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын эки жүздөн ашуун адистери онлайн окутуудан өтүштү. Келерки жылы өлкөнүн миңдеген билим берүү мекемелеринин мугалимдери да квалификациясын жогорулатуу үчүн ушундай көндүмдөргө үйрөтүлөт.
Гүлмира Корганбаева, Астана шаары онлайн-академиясынын негиздөөчүсү:
- Мисалы, “Ийгиликтүү билим берүү уюмдарынын акселератору” программасын окугандан кийин, көптөгөн окуу жайлары технологиялык-ишкердик, инженердик, IT жана ишкердикти өнүктүрүү же кандайдыр бир каржылык көндүмдөрдү үйрөткөн мыкты билим берүү уюмдарынын алдыңкы тажрыйбаларын киргизип жатышат. Экологиялык билим берүү, экологиялык маданият мектептери жана медиа сайттар абдан көп. Бул форум казакстандык белгилүү билим берүү уюмдарынын агартуучулук системасын жакшыртууга багытталган. Өлкөдөгү заманбап билим берүү тутумунун актуалдуу маселелери талкууланат.
Гүлнар Аскарбаева, мектеп-гимназия мүдүрү:
- Биз атайын жол картасы боюнча долбоорубузду ишке ашыра баштадык. Бүгүнкү күндө биз чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн коммерциялык кызыгуусун жараткан уникалдуу долбоорду түздүк. Түштүк Корея менен кызматташууну түзүп жатабыз. Атайын аба тазалагыч жасап, ойлоп тапканыбызды ар кандай өнөктөштөргө тааныштырдык. Биздин сунушту көпчүлүк колдоп, кызыгып жатышат. Учурда көбу караштырышууда. Келечекте өндүрүшкө киргизилип, кеңири колдонууга ээ болот деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков