14 миңден ашык казакстандыктар дистанттык кесиптик билимдерин жогорулатышты. Алардын жарымынан көбүн иш издеген жумушсуз жарандар түзгөн. Бул өткөн жылы өлкөдө ишке киргизилген skill.enbek.kz онлайн көндүмдөрүнүн окутуу платформасынын жыйынтыгы. Учурда системада 25 миңге жакын колдонуучу катталган. Электрондук аянтчада 72 саатка чейин текст, видео жана аудио материалдар, инфографика түрүндө 120га жакын түрдүү багыттагы агартуучулук курстардан өтүүгө болот. Алардын 63үн өздөштүрүү акысыз. Колдо бар маалыматтар казак жана орус тилдеринде жарыяланып турат. Тутумда өзгөчө муктаждыктары бар угуучулар үчүн интерфейсти ыңгайлаштыруу мүмкүнчүлүгү каралган. Курсту аяктагандарга бериле турган сертификат жана алынган жаңы көндүмдөр резюмеде автоматтык түрдө көрсөтүлөт. Учурда платформа өркүндөтүлүп жатат.
Венера Бидахметова, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек ресурстарын өнүктүрүү борборунун башкы серепчиси:
- Азыркы учурда бизде туризм, айыл чарба, жеке тейлөө жана тейлөө боюнча курстар жарыяланган. Алдыдагы убакытта курстардын ассортиментин кеңейтүү максатында ата мекендик билим берүү уюмдары менен интеграциянын үстүндө иштеп жатабыз. Бул интеграциянын натыйжасында биз айти, психология жана башка ушул сыяктуу популярдуу багыттар боюнча курстарды жарыялайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков