Ата мекендик өнүмдөрдү үзгүлтүксүз экспорттоо жана өлкөнүн транзиттик дараметинин өсүшү, Казакстанда жаңы ири темир жол долбоорун ишке ашырууну камсыздайт. Караганды облусунда Күчтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы улуттук долбоорунун алкагында Достык-Мойынты темир жол тилкесинде экинчи рельстердин курулушу башталды. Темир жол линиясынын узундугу 836 чакырымды түзөрү күтүлүүдө. Долбоордун алкагында ондогон көпүрөлөр жана жол эстакадалары, жүздөгөн суу өткөргүчтөр, ошондой эле энергетика жана коммуникация объектилери курулат. Курулуштун 2025-жылдын 4-кварталында бүтүшү күтүлүүдө.
Канат Альмагамбетов, АО Казакстан Темир жол улуттук компаниясы башкармалыгы башчысынын орун басары:
Темир жолдун курулушу Кытай тарапка жана Кытайдан Европага транзиттик жүктөрдү ташуунун көлөмүн тездетүүгө жана көбөйтүүгө дагы бир ирет түрткү берет деп ишенебиз. Мындан сырткары бул курулуш биздин темир жол инфраструктурасын жаңылоого мүмкүндүк берет. 85%ы жергиликтүү калк болот. Мындай курулуш үчүн бул өтө чоң пайыз. Алар негизинен биздин казакстандык кадрлар болот.
Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов телекөпүрө аркылуу ишке кошуу салтанатына катышты. Өкмөт башчы акыркы беш жылда өлкөдө транзиттик контейнердик ташуулардын көлөмү 4 эсеге өскөнүн белгилеп өттү. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында экспорттук багыттагы жүк ташуу 74 миллиард тонна-чакырымдан ашыкты түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 11%га көп.
Алихан Смаилов, Казакстан Премьер-министри:
Долбоор мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен ишке ашырылып жатат, өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң түрткү берет. Ал участоктун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 5 эсеге арттырып, экспорттук жүк ташуу маселесин толугу менен чечет. Аны жүзөгө ашыруунун натыйжасында 20 жылдын ичинде бюджеттин кирешелерин андан ары 4,1 триллион теңгеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков