Улут аралык келишим: Казакстандын тажрыйбасы дүйнөгө үлгү

Улут аралык келишим: Казакстандын тажрыйбасы дүйнөгө үлгү

Прагада Казакстандын конфессиялар аралык ынтымак тажрыйбасы талкууланды. Тегерек стол Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналды. Иш -чарага казак жана чех саясатчылары, дипломаттары жана илимпоздору, диний ишмерлер катышты. Алар мамлекеттик-конфессиялык мамилелер чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерге, улуттук идеялардын негизинде Казакстандын уникалдуулугун бекемдөө милдеттерине, диндер аралык диалогго жана өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүүдө жарандык коомдун өсүп келе жаткан ролуна токтолушту. Катышуучулардын айтымында, өлкөдө тынчтыктын жана ынтымактын эң эффективдүү системасы түзүлгөн. Жолугушуунун алкагында Казакстандын элчилиги эгемендүүлүктүн жылдыгына карата тематикалык сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков