Казак кино жылдыздарынын аллеясы жаңы ысымдар менен толукталды. «Казакфильм» киностудиясынын территориясында улуттук кинематографиянын өнүгүшүнө салым кошкон тармактын 13 ардагерине арналган эстелик тактайчаларынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Алардын арасында: Эл жазуучусу Олжас Сулейменов, казак кинорежиссёру Кадыр Косай, Казакстандын эмгек сиңирген артисти Меруерт Утекешева, казакстандык тунгуч оператор Искандер Тынышпаев жана Казакстандын эл артисти Куман Тастанбеков жана башкалар бар. Иш-чара Казакфильмдин 80 жылдыгына жана Эл аралык кино күнүнө карата уюштурулууда. Эске сала кетсек, казак кино жылдыздарынын аллеясы 2011-жылдын күзүндө ачылган.
Болат Абдилманов, РКнын Эмгек сиңирген маданият ишмери, актёр:
- Азыркы казак киносу дүйнөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлүп жатат. Жакшы пикирлерге ээ болууда. Дүйнөлүк кинофестивалдарда баш байгени жеңип алууда. Ошондуктан азыр жалпы казак киносу салыштырмалуу түрдө өсүүдө. Казак киносу дайыма табиятынан билинип турушу керек. Жалпы, казак улутунун сабагы – тарыхыбызды кайрадан талдап, анын тамырына үңүлүп, казак элинин рухун көтөрүү, казак улутун өзгөчөлөнтүү, аны тарыхый сахнага алып чыгаруу керек деп ойлойм.
Айдархан Адилбаев, Казакфильм киностудиясынын вице-президенти:
- Быйыл биз Мукагали тасмасын жарыкка чыгардык. Дарежан Омирбаевдин Акын тасмасы жарыкка чыкты. Андан кийин быйыл Касым хан тартылды. Алтын адам анимациялык мультфильми тартылып жатат. Томирис тасмасы эл аралык рынокто абдан ийгиликтүү болду. Бул АКШда чоң прокат болду. Андан кийин ушул күздө Түркияда 250 прокатка чыкты. Аны 8 мамлекет сатып алып, өз тилдерине которуп, дубляж кылып, рынокко чыгарышты. Учурда биз Netflix менен иштешип жатабыз. Биз аларга өзүбүздүн тасмаларыбызды сунуштайбыз. Азыр карап жатат. Эгер баары ойдогудай болсо, кийинки жылы биздин тасмалар Netflixте пайда болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков