Бул импортко көз карандылыктан кутулуунун бирден-бир жолу экендигин айыл чарба министри Мажилистин өкмөттүк саатында билдирди. Ербол Карашукеевдин айтымында, ички рынокту ата мекендик өнүм менен толук камсыз кылуу үчүн эрте бышуучу жашылчаларга артыкчылык берилет. Ага ылайык, былтыркыга салыштырмалуу алардын айдоо аянты 2,8 миң гектарга көбөйүп, жалпы көлөмү 27 миң гектарга жеткен. Ал эми акыркы 3 жылда бакча өсүмдүктөрүнүн аянты 10,5 миң гектарга көбөйтүлгөн. Натыйжада жашылча жемиштердин көлөмү 650 миң тоннага артып, былтыр 5 миллион тоннага жакын түшүм алынган. Бул жаатта чет өлкөдөн алынып келинген социалдык маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрүн мүмкүн болушунча ата мекендик үлгүлөргө алмаштыруу боюнча комплекстүү чаралар көрүлүп жатат, дейт тармак жетекчиси.
Ербол Карашукеев, айыл чарба министри:
- Үстүбүздөгү жылы облустук акимчиликтердин маалыматы боюнча жашылча 173,5 миң гектарга, картошка 197,6 миң гектарга эгилген. Жалпысынан жашылча өсүмдүктөрүн жана картошканы өндүрүү ички рынокту керектүү көлөм менен толук камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков