Алматы шаарында үчтүн айынын 4-8 аралыгында терактка катышкан эки экстремисттик топ жок кылынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Үчтүн айынын 9да талап-тоноо, экстремисттик ишмердүүлүккө, экстремисттик уюмга жетекчилик кылууга жана ага катышууга, ошондой эле массалык мыйзамсыз аракеттерге шектелип кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалды. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда далил буюм катары ок атуучу куралдар, үн гранаталары, ок-дарылар жана диний адабияттар жана башка буюмдар табылган», - деп кабарлайт УКК.
Уюмдун жетекчиси эл аралык террористтик уюм менен байланышы бар, массалык башаламандыкка жигердүү катышкан чет элдик жаран экени аныкталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Казакстанга массалык мыйзамсыз акцияларды даярдоо, ошондой эле бийликке жана куралдуу күчтөргө кол салуу үчүн келген. Учурда анын шериктери изделүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков