«Чокон Валихановдун тагдыры жана мурасы». Мына ушундай баалуу маалыматтарга негизделген китеп Жетису облусунун, Шокан айылындагы музейде тааныштырылды. Изилдөөнүн автору Жарас Ермекбай бул эмгекке отуз жылын арнаган. Аны жазып жатып, сейрек кездешүүчү архивдерди көрүү үчүн бир нече мамлекеттерди кыдырып, жаңы маалыматтарды окуган.
Жарас Ермекбай, Китептин автору, тарых илимдеринин доктору:
- Бул эң түйшүктүү иш болду. Улуу бабабыз жөнүндө жазуу абдан татаал. Мынчалык көп материалдар жок болгондуктан, КМШ өлкөлөрүнүн китепканаларын кыдырууга туура келди. Эски тилде жазылган чаң баскан чоң томдорду кайра окудум. Бир сөз менен айтканда кыйын болду. Бирок менин жараткан эмгегим өз окурмандарын табаарына ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков